Кыргызстанда 10-ноябрда жаан-чачын жок. Түнкүсүн Чүй өрөөнүндө туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, түнкүсүн 13…18;
Ысык-Көл облусун түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 6…11 градус жылуу.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус суук.
10-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз 12…14 градуска чейин жылыйт.