Демократиялык партиядан атаандашы Хиллари Клинтонду жеңгенден кийин Дональд Трамп америкалыктарды “бирдиктүү эл катары чогуу болууга” чакырды. Ал телефон аркылуу Хиллари Клинтон менен сүйлөшкөнүн жана ал шайлоо жыйынтыгын тааныганын билдирди:
- Мага азыр эле мамлекеттик катчы Клинтон телефон чалды. Ал бизди жеңишибиз менен куттуктады. Мен аны жана үй-бүлөсүн өнөктүктө абдан катуу күрөш жүргүзгөнү менен куттуктадым.
Клинтон шайлоодон кийин тарапкерлерине 9-ноябрда кайрылары белгиленген. Ак үйдүн маалымдоосу боюнча президент Барак Обама Трампты телефон аркылуу куттуктап, бийликти өткөрүү боюнча сүйлөшүүгө 10-ноябрда Ак үйгө келүүгө чакырды. Республикачы Дональд Трамптын Кошмо Штаттардын 45-президенти катары кызматка киришүү инагурациясы 20-январда өткөрүлөт. (AiT)