Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Рельстен чыгып кеткен вагондор боюнча иликтөө жүрүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

“Кыргызтемиржолу” ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, вагондордун рельстен чыгып кетүү себептери азырынча белгисиз. Иликтөөнүн жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгарылат.

9-ноябрда Бишкектин Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде тепловоздун эки бош вагону рельстен чыгып кеткен. Андан эч ким жабыркаган эмес. Окуядан кийин аталган көчөлөрдө жол кыймылы бир нече саат токтоп, кайра калыбына келтирилген. (NT)

XS
SM
MD
LG