Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Коргоо комитетине министрлик макамын берүү сунушталды


Кыргыз жоокерлери.
Кыргыз жоокерлери.

Мындай сунуш менен “Бир бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев 9-ноябрда парламентте өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Эл өкүлү ар кандай эл аралык коркунучтар тооруп турган чакта жана мекемедеги курал-жарактардын сатылышына байланышкан окуядан улам тармакты күчтөндүрүү керектигин билдирип, бирок азыр Коргоо комитети менен Чек ара кызматынын жетекчилери бат-баттан алмашып, аларды эстеп калууга мүмкүн болбой жатканына токтолду.

Коргоо тармагын жакшыртуу, жогоркудай көйгөйлөргө жол бербөө үчүн тиешелүү комитетти кайрадан министрлик кылып түзүүнү сунуштады. Жээнбеков бул сунуш өлкө жетекчилиги менен талкууланарын билдирип, комитет болобу, министрлик болобу ишти алып кетүү башчыдан көз каранды деп жооп берди. 8-ноябрда президенттин жарлыгы менен Коргоо комитетинин төрагасы Марат Кенжесариев кызматынан бошотулган. Ошол эле күнү Мирбек Касымкулов Чек ара кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG