11-ноябрдан тарта саясий партиялардын шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлери үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
Ал эми айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 20-ноябрда аягына чыгат. 21-ноябрдан тарта үгүт иштери башталат.
Бардык талапкерлер үгүт иштерин 10-декабрь күнү саат 8:00де токтотууга милдеттүү.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт.(ZKo)