Бул тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү билдирди. Анын айтуусунда, калган үйлөр курулуп жатат:
-Катуу жер титирөөдөн жабыркаган Чайчы айылына үй куруу үчүн миң тоннадан ашуун цемент, 60 тонна арматура, 203 миң кыш жеткирилген. Учурда 177 үйдүн пайдубалы курулуп, 152 үйдүн курулушу 80% аяктап калды.
Өткөн жылы 17-ноябрда күчү 6 - 7 баллга жеткен жер силкинип, Кара-Суу районунда 10 үй кыйраган. 383 турак-жай жашоого жараксыз деп табылган. Жапа чеккендерге 200 миң сомдон 20 жылдык ссуда берилген. Эл аралык коомчулуктан 125 миң сомдон жардам алышкан.(ZKo)