Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Президент илимий кызматкерлерди куттуктады


Улуттук илимдер академиясы.
Улуттук илимдер академиясы.

Илим күнүнө карата куттуктоосунда Алмазбек Атамбаев кыргыз эли эзелтен илим-билимге умтулуп, ага сый-урмат менен мамиле кылып келгенин белгилеп, буга улуу аалым Жусуп Баласагынды мисал келтирген. “Баласагында окумуштуунун жашап өткөнү 1000 жыл мурун азыркы Кыргызстандын ордунда илим менен маданияттын гүлдөгөн очогу болгонун далилдеп турат. Кыргызстан совет бийлигинин тушунда да илимди өнүктүрүп, илимий усул, материалдык-техникалык база ошол тушта калыптанган. Мамлекеттик каржылоодон базар экономикасынын шартына өткөн кезде да илимпоздор мурунку чыйырды улантып, илимий-техникалык тармакта арбын эмгектерди жасашты”,- деп айтылат куттуктоодо.

Президент ошондой эле мамлекет тарабынан замандын талабына ылайык илимий кадрларды даярдоого көп каражат сарптап жатканын ырастап, жаңы экономикалык шарттарда өлкөгө иш билги илимпоздор зарыл экенин, илимпоздордун кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы менен Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу мүмкүнчүлүгү чоң экенин бекемдеген.

Илим күнүн утурлап 9-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев илимий кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG