Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Баткенде атайын багыттагы полктун имаратын ачып жатып билдирди. Мамлекет башчы милиция кызматкерлерин куттуктап, акыркы жылдары күч кызматтары бекемдеп жатканын айтты. Анын сөзү боюнча, 2005-2010-жылдары милиция кызматкерлери форма кийип жүрүүдөн уялышчу.
- Ал кезде бийлик менен ички иштер министрлери кылмыш дүйнөсү менен аралашып, аягында милиция кызматкерлерин айыптуу кылып чыгарып коюшчу. Биз милиция кызматкерлеринин айлык акыларын бир нече жолу көтөрдүк, турак-жай менен камсыз кылдык, үйлөр дагы курулуп жатат. Эгер биз өлкөдө тартип, коопсуздук болуусун кааласак, милицияга кам көрүп, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүүбүз керек,- деди президент.
Мамлекет башчы ошондой эле pеферендумдан кийин күч органдарын реформалоо үчүн зарыл шарттар түзүлөрүн айтып, анын алкагында ИИМдин борбордук аппаратын кыскартуу зарылчылыгы турганын билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев аягында жаңы имаратка спорт жабдыктарын сатып алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырды.
Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.
Президент Алмазбек Атамбаев ушул тапта Баткен облусунда жумушчу сапарында жүрөт. 10-ноябрда мамлекет башчы облустун Чоң-Кара айылындагы мектептин ачылышына катышты.(ZKo)