Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:52

Орусия-Нидерланд аскер кемелеринин аңдышуусу


Орусия флотунун учак кондурчу жалгыз "Адмирал Кузнецов" кемеси Жер Ортолук деңизинде.
Орусия флотунун учак кондурчу жалгыз "Адмирал Кузнецов" кемеси Жер Ортолук деңизинде.

Жер Ортолук деңизинин чыгыш тарабында эки өлкөнүн аскер кемелеринин бирин-бири аңдышуусун орус тарап “коркунучтуу” жагдай катары сыпаттады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенковдун айтуусунда, орус кемелери Нидерланддын “Валрус” суу астында жүрүүчү кайыгын жыйырма чакырымдай алыстыктан байкап, бир сааттан ашуун аны артынан акмалап, аймактан кетүүгө мажбурлаган.

Нидерланддын коргоо министрлиги суу астындагы кайыктарынын операциялары тууралуу маалымат бере албастыгын билдирди. Ал эми НАТО өкүлдөрүнүн айтуусунда, альянс Орусия флотунун кыймылына байкоо салууну “жоопкерчилик” менен жүргүзүүдө.

Бул маселе Орусиянын кемелери Сириядагы аскердик аракеттерин күчөтүүгө да тартылабы деген тынчсыздануулардан улам чыгууда.

Орусиянын Түндүк флотунун кемелеринин өткөн айдан тарта Жер Ортолук деңизи менен Антлатнтика океанынын түндүк–батыш бөлүгү боюнча жүрүшкө чыгышы СССР кыйрагандан берки өлкөнүн эң масштабдуу аракети катары каралууда.(UE)

XS
SM
MD
LG