АКШдагы президенттик шайлоонун күтүүсүз жыйынтыгынан улам дүйнөлүк биржаларда акциялар менен мунай баасы арзандап, доллардын наркы түшүп, бирок алтын баасы көтөрүлгөн эле.
Талдоочулар муну шайлоо өнөктүгү учурунда АКШ буга чейин катышуучусу болгон жана кол койгон эркин соода келишимдерине каршы чыккан Дональд Трамптын келечекте кандай саясат жүргүзүшүнүн белгисиздигинен улам инвесторлордун тынчсызданышына байланыштырышкан.
Бирок, кечээ АКШ биржасында соода башталгандан тарта калган дүйнөлүк биржаларда да индекстер калыбына келе баштады.
Бүгүн Азиянын биржаларында да абал оңолду, доллардын наркы, мунай баасы көтөрүлүүдө. (UE)