Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Кытай өкүлү Интерполдун башчылыгына шайланды


Интерполдун жаңы башчысы Менг Хонгвей (оңдо). Бээжин, 26-август, 2016-жыл.
Интерполдун жаңы башчысы Менг Хонгвей (оңдо). Бээжин, 26-август, 2016-жыл.

Кытайдын өкүлү Дүйнөлүк полиция уюмунун башчылыгына биринчи ирет шайланып жатат.

Глобалдык полиция уюму Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары Менг Хонгвейди Интерполдун башчылыгына Индонезиянын Бали аралында өткөн жылдык конференциясында шайлады.

Кытай аткаминеринин Интерпол жетекчилигине келишин укук коргоочулар менен активисттер сынга алышууда.

Алар Кытай Интерполду диссиденттер менен качкындарды издеп, камоо үчүн колдонуп келгенине көңүл бурушууда.

Эл аралык Мунапыс уюмунун Кытай боюнча иликтөөчүсү Уильям Ни “Франс Пресс” агенттигинде белгилегендей, Бээжин Интерпол системасын өзгөчө уйгур азчылыгынан чыккан диссиденттерге каршы кыянат пайдаланган.

Кытай Интерполго 1984-жылдан бери мүчө. (UE)

XS
SM
MD
LG