Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Отунбаева: Мен парламентти дайыма урматтагам


Азимбек Бекназаровдун китептеринин бет ачаарында.
Азимбек Бекназаровдун китептеринин бет ачаарында.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровдун китептеринин 10-ноябрда Бишкекте өткөн бет ачарында өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева өзү өлкөнү жетектеп турган учурдагы парламент менен мамилеси тууралуу айтып берди. Роза Отунбаева 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда бекитилген праламенттин ыйгарым укуктарына ылайык, Жогорку Кеңешке барып жылдык кайрылуу менен чыккан күндү эстеди. Анда ал президент Алмазбек Атамбаевдин быйыл 31-августта Роза Отунбаева парламентке барганда ага Жогорку Кеңеш сөз бербей, оозун жаап койгон деп айтканын жокко чыгарды.

Экс-президент Роза Отунбаева парламентаризмдин табиятын түшүнүп, анын ыйгарым укугун урматтаган мамлекет башчысы эч качан аны үстөмдүк катары кабыл албашы керек экенин эске салды.

Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта сүйлөгөн сөзүндө 2010-жылдагы Баш мыйзам кабыл алынган күндөн тарта ошол кездеги өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева парламентке барган учурда ага сөз бербей, оозун жаап келген деген болчу. (KJ)

XS
SM
MD
LG