Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Башмыйзам долбоору “Эркин тоо” гезитине жарыяланды


Кыргызстан Баш мыйзамы.
Кыргызстан Баш мыйзамы.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун “Азаттыкка” билдиришинче, мыйзам тексти жарыяланды:

-3-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна "Референдум – бүткүл элдик добуш берүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам 4-ноябрда “Эркин тоо” гезитине жарыяланган. Бул мыйзам менен кошо Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кошо жарыяланган. Андан тышкары, 8-ноябрда “Эркин тоо” гезитине КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун салыштырма таблицасы да жарыяланган.

Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге Жогорку Кеңештеги төрт фракция тарабынан сунушталган. Кийинчерээк айрым фракциялар өзгөртүү киргизилген редакция алмашып калган деген жүйөө менен мыйзам долбооруна каршы чыгышкан.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүлөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG