АКШнын Душанбедеги элчилиги билдиргендей, алар Тажиктандын эл көп топтолгон коомдук жайларында, Ооганстан менен чек арадагы өткөрмө бекеттерде кол салуулар болушу ыктымал деген маалымат алды.
Элчиликтин билдирүүсүндө кол салууларды “террористтик топтор” жасашы мүмкүндүгү айтылган, бирок алар кайсыл топтор экенин көрсөтүлгөн эмес.
АКШ элчилиги ошондой эле Тажикстандагы өз жарандарын эл көп топтолгон жерлерден, коомдук транспорттон оолак болууга чакырды.
Элчиликтин эскертүүсү Тажикстанда өлкөнүн жаңы майрамы – 16-ноябрда Президенттин күнү белгиленер алдында чыкты. (UE)