Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Обама менен Трамп Ак үйдө жолукту


Дональд Трамп жана Барак Обама. 10-ноябрь, 2016-жыл.
Дональд Трамп жана Барак Обама. 10-ноябрь, 2016-жыл.

Дональд Трамп Ак үйгө президент Барак Обаманын чакыруусу менен келди.

Обаманын жолугушуудан кийин билдиргенине караганда, алар тышкы жана ички саясаттын маселелеринин кеңири чөйрөсүн сүйлөштү, пикир алышуу “эң мыкты” өттү.

Ал эми Трамп жолугушуу мерчемделгенден узакка созулганын, эки тарап “көп кырдаалдарды, анын ичинде айрым кыйынчылыктарды” да талкуулашканын белгиледи.

Эки күн мура Обама өзүнүн командасына АКШнын шайланган президентинин өткөөл мезгили ийгиликтүү кетишин камсыздоо үчүн көрсөтмө бергенин билдирген.

8-ноябрдагы шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери, Барак Обаманын партиялашы Хиллари Клинтонду жеңген Дональд Трамп АКШ президентинин кызматына келерки жылдын 20-январында расмий киришет. (UE)

XS
SM
MD
LG