Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Бакиевдердин дагы бир мүлкү мамлекетке өттү


Бакиевдерге таандык “Строймаркет” соода үйү Жалал-Абад шаар бийлигинин менчигине өттү. Бул жай мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык деп саналып, кийин улутташтырылган болчу.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, 10-ноябрда шаардык кеңештин кезектеги сессиясында аны мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча токтом кабыл алынды. Буга чейин жергиликтүү бийлик мурда улутташтырылган бир катар объекттерди муниципалдык менчигине өткөрүп берүү суранычы менен өкмөткө кайрылган.

Натыйжада мурда Кадыржан Батыровго таандык болгон, кийин тартылып алынган көп кабаттуу бир турак жай жана “Строймаркет” соода жайын шаардын муниципалдык менчигине берүү чечими чыгарылган. Соода жайын иштетүүдөн шаар бюджетине жылына 71 миллион сом киреше түшөт деген ниет бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG