Бул сунуш камтылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев иштеп чыккан. Анын айтышынча, Кыргызстанда алкоголду түнкү саат 23.00дөн 8.00гө чейин дүкөн, супермаркет, күркөлөрдө сатууга тыюу салуу зарыл. Чектөөнүн көңүл ачуу жайларына тиешеси жок.
Депутат өз демилгесин алкогол маңзаттан да коркунучтуу экени жана баңгизат колдонгондорго караганда спирт ичимдиктерин ичип мас болгондор жол кырсыктарына көп кабылганы, ичкиликке аялдар менен балдар берилип жатканы менен түшүндүрдү.
Статистика боюнча, акыркы кезде аялдар менен балдар арасында ичкилик ичкендер көбөйүүдө. (NT)