Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Шаардык кеңештерге шайлоо үгүтү башталды


Үгүт иштери.
Үгүт иштери.

Үгүт иштери туура бир айга, 11-декабрга чейин созулат. Бул аралыкта шайлоого катышууга уруксат берилген саясий партиялар өз программасы менен шайлоочуларды кеңири тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Шаардык кеңештерге шайлоо 22 шаарда болот. Булардын ичинен Кемин шаарында шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүүдө.

Жалпысынан шаар кеңештериндеги 3 685 депутаттык орунга 7 191 талапкер ат салышат.

Ал эми айылдык кеңештердин талапкерлери 21-ноябрдан баштап үгүт иштерин жүргүзө алат. Бардык талапкерлер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү добуш берүүгө бир сутка калганда, тагыраак айтканда? 10-декабрь күнү, саат 8:00дө токтотулат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик Референдум менен чогуу болот. Бул күнү жалпы өлкө боюнча 2 365 добуш берүү участогу ачылат. Ал эми өлкөдөн тышкары 35 добуш берүү участоктору иштейт. Ал эми башка жакта катталып, борбор калаада жашагандар үчүн да 32 кошумча шайлоо участоктору ачылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG