Денесинин бир нече жериндеги жаракаты менен 11 жаштагы бала райондук ооруканага 8-ноябрда эс-учун билбеген абалда жеткирилген. Райондук оорукананын хирургу дарыгер Туратбек Жумабековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, баланын абалы жакшырып, эсине келе баштады.
Кочкор районундагы ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Советбек Медетбеков “Азаттыкка” баланы тиштеген карышкыр кутурбаганын маалымдады. Анын айтуусунда, жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча, балага тиш салган карышкыр соо болгон.
8-ноябрь күнү түштөн кийин, 4-класстын окуучусуна сарайдын жанынан карышкыр тиш салып, буту-колунан, бетинен тиштеген. Көп өтпөй карышкырды баланын атасы атып өлтүргөн.(MiK)