Ак-Ордо-3, Ала-Тоо-3 жаңы конуштарынын тургундары аталган жаңы конуштарга 10 жылдан бери электр энергиясы уланбаганын, бүгүнкү күнү 2500 түтүн үй жарыксыз отурушканын айтып, Акүй алдына чыгышты. Нааразылык билдиргендердин бири, аталган жаңы конушта жашаган Мирлан Кубанычбек уулунун “Азаттыкка” ырасташынча, бул маселе дээрлик он жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келе жатат:
- Биз турган жаңы конуш Сокулук районуна карайт. Ошондуктан, электр энергиясына кошуп бергиле деп, районго, облус бийлигине, “Түндүк электр ишканасына” кайрылганбыз. Эч майнап жок. Өткөндө биринчи кар жааганда да ушул жерге келип, митингге чыкканбыз. Экотехинспекция чечип берет дешкен, андан бери бир ай өттү, эч нерсе жок. Биз электр зымдарын, карагайдын баарын өз күчүбүз менен сатып алып, орнотуп койгонбуз. Болгону ошону райондук трансформаторго кошууга уруксат жок.
Ак-Ордо-3, Ала-Тоо-3 жаңы конуштары 2005-жылкы март окуясынан кийин үйсүз адамдар тарабынан басылып алынган жаңы конуштардан.
Бишкек шаарынын айланасында эле 50дөн ашуун жаңы конуштар бар.(ZKo)