Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Ооганстандагы Германия консулдугуна чабуулда алты адам набыт болду


Мазари-Шариф шаарындагы Германиянын консулдугуна жасалган чабуулдан алты киши мерт кетти.
Мазари-Шариф шаарындагы Германиянын консулдугуна жасалган чабуулдан алты киши мерт кетти.

Ооганстандын түндүгүндө Германиянын консулдугуна жасалган чабуулдан кеминде алты адам мерт кетип, жүз отуздай киши жарадар болду.

“Талибан” кыймылынын жанкечти согушкери жардыруучу зат салынган жүк ташуучу унаа менен барып, консулдуктун дарбазасын сүзгөн. Окуя 11-ноябрга караган түнү болду.

Мазари-Шариф шаардык полициясынын жетекчи орун басары Абдул Разак Кадири жардыруу тууралуу буларды айтты:

-Жардыруудан консулдуктун имаратынын жанында жүргөн адамдар набыт болду. Консулдуктун дипломаттары жана ал жакта иштеген кызматкерледин эч кимиси жабыркаган жок. Биз НАТО күчтөрү менен бирдикте ыкчам операция жүргүзүп, дароо консулдуктун ичине кирдик. Бардык дипломаттарды Мармал базасына көчүрдүк.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган талиптер бул АКШ аба күчтөрүнүн өткөн аптада Кундуз шаарына жасаган аба чабуулдары үчүн өч алуу экенин билдиришти.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани кол салууну “адамзатка жана бардык эл аралык мыйзамдарга каршы кылмыш” деп атады.

Германиянын консулдугу Мазари-Шариф шаарынын борборунда, атактуу Көк мечиттен алыс эмес жерде жайгашкан. Бул аймактагы Индиянын консулдугуна да өткөн жылы согушкерлер кол салышкан.

XS
SM
MD
LG