Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Косово бийликтерин коңшу Сербия менен мамилени жакшыртуу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Бул тууралуу ал Балкан мамлекеттерине жасаган сапарында Косово парламентинин төрагасы Кадри Весели менен 10-ноябрдагы жолугушуусунда билдирди.
Парламент депутаттарына жасаган кайрылуусунда Жонсон Британия Косово менен Сербиянын “ортодогу мамиленин жакшырышына” кызыкдар экенин айтты.
Косово бир тараптуу 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялап алган. Британия Косовонун төбөлсүздүгүн тааныган 112 мамлекеттин алгачкыларынын бири. Бирок Косово өз алдынчалыгын Сербия ушул күнгө чейин тааный элек.