Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:17

Албек Ибраимов Текебаевге 1 млн сом доо койду


Бишкектин Биринчи Май райондук соту шаар мэри Албек Ибраимовдун “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы берген арызын карай баштады.

Ибраимов депутат Текебаевдин сентябрь-октябрь айларындагы сөздөрү анын беделине шек келтиргени үчүн 1 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Эки доо арыз: “Атамбаев 2015-жылы Ибраимовдун жубайынан 27 гектар жер сатып алган” деген маалыматка, экинчиси "Манас менеджмент компани" ишканасынын 80% акциясын 12,5 млн долларга сатып алды деген сөзгө байланыштуу берилген.

Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 27 гектар жер тууралуу маалымат берилгенде, ал журналисттерге бул расмий эмес маалымат экенин эскерткен. Эртеси күнү 2,7 гектар деп такталган маалымат таратылган.

Ал эми экинчи арыз Текебаев "Манас менеджмент компани" ишканасынын 80% акциясын 12,5 млн долларга кымбат сатып алуу менен, "Манас" аэропортунун каражаты негизсиз коротулган деген сөзү боюнча сотко жолдонгон.

4-ноябрда башталган сот жараянынын кийинки отуруму 17-ноябрда өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG