“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери Ирактын Мосул шаарында ондогон жайкын тургундарды жок кылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, 8-ноябрда террордук топтун согушкерлери өкмөттүк күчтөр менен кызматташкан деп айыптап 40тай жайкын тургунду өлтүрүшкөн.
11-ноябрда таратылган билдирүүдө экстремисттер өздөрү түзүп алган соттор чыгарган чечимдердин негизинде адамдарды өлтүрүүнү улантып жатышканы жазылган.
БУУнун маалыматына ылайык, 9-ноябрда 20дай адам Мосулдун түндүгүндөгү Габат аскерий базасында жок кылынган.
Өлтүрүүлөр 2014-жылы экстремисттик уюм басып алган Мосул шаарын экстремисттерден тазалоо операциясы жүрүп жаткан маалда жүрүп жатат.