АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп ага каршы уюштурулган акциянын катышуучулары "улуу өлкөнүн келечегине кайдыгер эместигине" ыраазы. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.
Бир күн мурда Трамп 8-ноябрда өткөн шайлоону “абдан ачык жана ийгиликтүү” деп сыпаттап, ал эми анын жеңишине каршы уюштурулган акцияларды “адилетсиз” деп атаган.
Үч түн катары менен жүздөгөн кишилер Вашингтон, Чикаго, Филадельфия, Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Окленд жана башка шаарларда көчөлөргө чыгышты. Портленд, Денвер, Миннеаполисте акциянын катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар болду. Отуздай адам камакка алынды.
Демонстрацияларга негизинен Демократиялык партиянын тарапташтары чыгышты.