Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

“Кылым шамы” уюму Физиевдин иши боюнча БУУга кайрылды


“Кылым шамы” адам укуктарын коргоо уюму беш жыл мурун каза тапкан Ферузхан Физиевдин өлүмүнө байланыштуу иликтөө жүргүзүүнү суранып, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссиясына кайрылды.

Маркумдун туугандары Физиев кыйноолордон улам каза тапканын айтып келишет. Бул ишти иликтеген “Кылым шамы” уюму экспертизага таянып билдиргендей, ал төш сөөктөрү, кабыргасы сынып, жарааттан алган шоктон каза тапкан.

Баш прокуратура бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. “Кылым шамынын” жетекчиси Азиза Абдирасулова адилет иликтөө жүрбөй калганын, жооптуулар жазаланбаганын айтууда.

“Беш жылдан бери чоо-жайы аныкталбагандыктан, Кыргызстандын үстүнөн БУУга арыз жолдоого мажбур болдук”,- дейт Абдирасулова.

Бажы кызматынын Маңзат аткезчилигине каршы башкармалыгынын инспектору Ферузхан Физиев 2011-жылдын 30-июлунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кармоочу жайында каза тапкан. Ал ири өлчөмдө курал-жарак саткан топтун мүчөсү деп шектелип ошол күнү кармалган. Атайын кызмат Физиев куралчан каршылык көрсөтүп, үйдүн үстүнөн секирип түшкөн учурда алган жарааттан улам көз жумганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG