Москвада уурулукка шектелип кармалган трансгендер-аял эркектердин тергөө абагына камалды. Бул тууралуу “Дождь” телеканалы кабарлайт.
2011-жылдын сентябрында Альбина Матьюнина дүкөндөн акча уурдаган деп шектелип кармалган. Ростов облусундагы Новочеркасск шаардык соту аны эки жылга үй камагына алуу чечимин чыгарган. Альбина 2013-жылы башка шаарга кеткен. Күч органдары аны издөөгө алып, Москвадан кармашкан.
Баш калаада Матьюнинаны эркектер жаткан абакка камашканына адвокаты тынчсызданып, коопсуздугу коркунучта экенин айтууда жана аялдар колониясына өткөрүп, өзүнчө камоону талап кылууда.