Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Трамп Путинге телефон чалуу ниети бар экенин билдирди


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жакын арада Орусия президенти Владимир Путинге телефон чалып, сүйлөшүү ниети бар экенин билдирди.

The Wall Street Journal гезитине курган маегинде Трамп Путинден “жакшынакай” кат алганын белгиледи.

Путин 9-ноябрда эртең менен, Трамп шайлоодо жеңип чыккан күнү кат жөнөткөн. Анда АКШ-Орусия мамилесин жакшы нукка буруу, бул жаатта биргелешип аракеттенүүнү жазган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Трамп президенттикке расмий киришкенге чейин сүйлөшпөй турганын да маалымдаган.

Дональд Трамп президентикке расмий түрдө 2017-жылдын 20-январында киришет.

XS
SM
MD
LG