Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Бишкекте автоунаа салыгы боюнча рейд жүрүүдө


Бишкектеги рейд.
Бишкектеги рейд.

Бишкек мэриясы, Мамлекеттик салык кызматы жана Патрулдук милиция башкармалыгы автоунаа салыгы боюнча атайын рейд уюштурду. Бүгүн баш калаада өтүп жаткан рейдде айдоочулардын тийиштүү төлөмдөрү текшерилип жатат.

Рейд салык төлөө мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу уюштурулган. Бишкек мэриясы автоунаа айдоочуларына салык төлөгөнүн ырастаган документтерди алып жүрүүнү эскертти.

Мамлекеттик салык кызматы унаа үчүн салык төлөбөгөндөргө 2000 сом айып салынарын билдирген. Автоунаалардын бир жылдык салыгы көлөмүнө жана чыгарылган жылына жараша 1-5 миң сом.

Республикалык Жол кайгуул кызматынан кабарлашкандай, өлкөдө унаанын саны миллиондон ашат. Бишкек шаарынын өзүндө эле 320 миңдей машине катталган.

XS
SM
MD
LG