Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Кыргыз өкмөтү Евробиримдик менен террорго каршы иштешүүгө кызыкдар


Кыргызстандын өкмөтү терроризм жана экстремизге каршы күрөштө Европа Биримдиги менен иштешүүгө кызыкдар. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 11-ноябрда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушууда ушундай пикирин билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар чек арадагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча Борбор Азиядагы мамлекеттер бирге ишке ашыруусу керек болгон чараларды талкуулашты.

Петер Буриан терроризм жана экстремизм көйгөйү дүйнөлүк мүнөзгө ээ экенин белгилеп, маселени чечүүдө бирдиктүү аракеттерге басым жасоо зарылдыгына токтолду.

XS
SM
MD
LG