Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Аба ырайынан улам Москвада аба каттамдары токтотулду


Москвадагы Внуково аэропорту
Москвадагы Внуково аэропорту

Орусия баш калаасындагы катаал аба ырайына байланыштуу аэропорттордогу аба каттамдары токтотулду. Бейшембиден бери Москвада борошолоп кар жаап жатканын, мындан улам ондогон учуулар аткарылбай калганын жергиликтүү булактар жазды.

Аба ырайынын суук болгонуна байланыштуу поезд каттамдарында да түйшүк жаралган.

Акыркы күндөрү Москвада миңден ашуун автоавария болгону да айтылууда. Жолдорду кардан тазалоого 10 миңден ашуун техника, 20 миңден көп кызматкер тартылган.

XS
SM
MD
LG