Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Латвия Беларус менен чек араcына дубал курат


Латвия-Орусия чек арасындагы тосмо
Латвия-Орусия чек арасындагы тосмо

Латвия өкмөтү бюджетке Беларус менен чек арага дубал курууга багытталган каражат киргизет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек араны коргоонун башчысы Нормунд Гарбарс ишемби күнү маалымдады. Анын сөзүнө караганда, дубал мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында тургузулмакчы.

"Делфи" порталы курулуш иштери бир жылдан соң башталарын кабарлады. Дубалдын узундугу канча болору так айтыла элек.

Гарбарс Беларус менен чек арага курула турган дубал Орусия чек арасына тургузулган тосмого окшош болорун белгиледи.

Быйыл май айында Латвия Орусия менен чек арага узундугу үч километр, бийиктиги үч метр тосмо тургузган. Ал 90 километрге чейин жетээри маалымдалган.

XS
SM
MD
LG