Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Москва: террорчулукка шектүүлөр арасында кыргызстандыктар бар экени кабарланды


Орусияда терроризмге жана экстремизмге шектелип кармалган 10 кишини ФСБ Кыргызстандын атайын кызматынын жардамы менен колго түшүргөнүн РИА Новости жазды. Ошондой эле операцияга Тажикстандын күч органдары да тартылган.

12-ноябрда кармалгандардын көбү Борбор Азиядан баргандар. Алар “Ислам мамлекети” радикал тобунун мүчөлөрү экенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында теракт жасоого камынып жатышканын моюнга алышкан.

Күч органдары тараткан тасмада тажикстандык жигит кыргызстандык таанышы менен Москвада жардыруу жасоону пландаганын айтат.

Шектүүлөрдөн колдо жасалган жардыргыч заттар жана куралдар табылган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети орусиялык кесиптештери менен бирге ишке ашырылган бул кармоолор боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG