Араб деңизинде жайгашкан порттун ачылыш аземине Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф катышты. Кытайдын жүк ташуучу биринчи унаалары 12-ноябрда Гвадар портуна келди. Кытай каржысы менен курулган порт аркылуу товарлар жана жүктөр Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө ташылат. 13-ноябрдагы ачылыш аземинде Наваз Шариф Пакистан портту эл аралык соодагерлер колдонушу үчүн мыкты коопсуздук шартын түзөрүн билдирди.
Белужистан провинциясында жайгашкан порттун ачылышынан бир күн мурун мечитте болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн жалмаган эле. Ал үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган. Кытай Пакистандын инфраструктурасына көп каражат салууда. Кытай-Пакистан экономикалык коридору үчүн жакынкы он жылдыкта Бээжин 40 млрд доллар инвестиция салаары кабарланган.(AiT)