Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ооганстан парламенти дагы эки министрди кызматтан бошотту


Президент Ашраф Гани (солдо) жана аткаруучу бийликтин башчысы Абдулла Абдулла.
Президент Ашраф Гани (солдо) жана аткаруучу бийликтин башчысы Абдулла Абдулла.

Жакшы иштебегени үчүн эки министрди кызматтан бошотуу менен ооган парламенти иштен кетирилген министрлердин санын бешке жеткирди. Депутаттар билим берүү министри Асадуллах Ханиф Балхи жана транспорт министри Мухамадуллах Баташка каршы 13-ноябрда добуш беришти. Парламентарийлер президент Ашраф Гани жана аткаруучу бийликтин башчысы Абдулла Абдулланын өтүнүчүнө карабай министрлерди кызматтан бошотууга добушун берди. Гани жана Абдулла “бул чечим кыйын мезгилде саясий жарылууга алып келерин эскертип, чечим кабыл алууну токтотууга аракет жасашты” деди парламенттин коопсуздук комиссиясынын төрагасы Мирдад Нажраби.

12-ноябрда ооган парламенти тышкы иштер министри Салахуддин Раббани баш болгон үч министрди кызматтан бошоткон эле. Кызматтан бошотуулар экономикалык кризис жана талиптердин чабуулу күчөп турган мезгилге туш келүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG