Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Ирак аскерлери Нимруд шаарын согушкерлерден бошотту


Нимруд
Нимруд

Ирактын түндүгүндө өкмөт күчтөрү Нимруд шаарын “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлеринен бошотту.

Reuters агенттиги жекшембиде тараткан кабарга ылайык, Нимруддагы тарыхый мурастардын негизги бөлүгү кыйраган. Зыярат кылуучу имараттар жардырылган.

Нимруд Ирактагы эң байыркы калаа болуп эсептелет. Шаар биздин эрага чейин 13-кылымда негизделген. Согушкерлер аны эки жыл мурун басып алышкан.

17-октябрда Ирак армиясы жана күрттөрдүн куралчан отряды мамлекеттеги экинчи чоң шаар - Мосулду жоочулардан тазалоого киришкен. Нимруд шаары Мосулга бараткан жолдо жайгашкан.

Азыр өкмөт күчтөрү Мосулга жакын кыштактарга жакындашты. (SE)

XS
SM
MD
LG