Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий сайты кабарлады. БШК жобосуна ылайык, референдум чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө өткөрүлөт.
Ага ылайык референдум Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Красноярск, жана Владивосток шаарларындагы участкалык шайлоо комиссияларында өткөрүлөт. Учурда референдум өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн 13 мүчөдөн турган участкалык шайлоо комиссия шайланды. Комиссиянын курамына элчиликтин кызматкерлери жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кирди.
Кыргызстанда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум ушул жылдын 11-декабрында өтөт. (SDz)