Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

УКМК: “Ата Мекендин” депутаттары "Мегакомдун" акцияларын сатууну көздөгөн


“Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын 2012-жылы “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга кызыкчылыктары болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда ырастады.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнөн кабарлашкандай, Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинен күбөлөндүргөн документтер алынып, ага ылайык 2012-жылы өлкөдөгү чоң кызматтагы отурган адамдар Максим Бакиевден калган, улутташтырыла элек “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын 50 млн АКШ долларына сатууну көздөгөн.

УКМК төрагасынын маалыматын уккан соң, президент Атамбаев маалыматтарды терең изилдеп, мыйзамды сактоо менен фактыларды текшерүү тапшырмасын берди.

Буга чейин “Вечерний Бишкек” басылмасы 2010-жылкы революциядан кийин “Ата Мекен” фракциясынын азыркы депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова “Мегакомдун” 50 пайыз акцияларына ээ болуп алганын жазып чыккан. Көп өтпөй фракциянын депутаттары айтылгандарды жалган маалымат деп, басылманы сотко бере турганын билдиришкен. (SDz)

XS
SM
MD
LG