Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, президенттик аппарат жана УКМКнын "Ата-Мекен" партиясындагы адамдардын “Альфа Телеком” компаниясынын акцияларын сатууга кызыкдарлыгы болгон деп тараткан маалыматы чындыкка жатпайт.
- Мунун баары толугу менен фальсификация. Муну мен так айта алам. Бийликтин айласы кетип, мына ушундай жол менен бизди каралоого аракет кылып жатат. Мунун баары эртеби-кечпи белгилүү болот. Президент өзү баш болуп мындай маалымат тараткан соң будамайлап, бир жыл болсо да бизди каралаганы жатат. Анткени жарым жыл, бир жыл ичинде кийинки президенттин тагдыры чечилип калат, - деди Текебаев.
Текебаев “Альфа Телекомдун” акцияларын сатууга эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, аны толугу менен улутташтырууга аракет көрүп келгенин кошумчалады.
Бүгүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге маалымат берген. Анда Сегизбаев Түштүк Америкадагы Белиз өлкөсүнүн расмий органдарынын “Альфа Телеком” компаниясынын улутташтырылбаган 50 пайыздан ашык акциясын сатуу аракетине кыргызстандык үч жогорку жетекчинин катышы бар деген маалымат алганын айтып берген.
Президенттин маалымат кызматы тараткан документтердин көчүрмөлөрүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталган.(BkA)