Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

“Референдумга - жок” кыймылы үгүт жүргүзөт


Оппозиция.
Оппозиция.

Бул тууралуу аталган коомдук кыймылдын расмий өкүлү Рита Карасартова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда “Референдумга - жок” кыймылы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы калк арасында үгүт жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүүгө документтерин тапшырды.

Референдум тууралуу мыйзамдын шарттарына ылайык, жалпы элдик добуш берүүгө коюлуп жаткан маселе боюнча тараптар аны колдоо же каршы добуш берүү үчүн калк арасында үгүт жүргүзө алат.

БШКнын жумушчу тобу бул коомдук кыймылдын документтерин карап чыгып, ага үгүт жүргүзүүгө уруксат берүү же бербөө маселесин анын мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнө койот.

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдум 11-декабрда өтмөкчү. (KJ)

XS
SM
MD
LG