Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Өзбек президентинин милдетин аткаруучунун куттуктоосунда Жээнбековдун ишмердүүлүгү кыргыз-өзбек элинин көп кылымдык достугуна көмөк көрсөтөт – деп жазылган.
“Аны менен бирге, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселелери боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөр процесси укуктук багытта жүргүзүлүшү абдан чоң мааниге ээ», - деп белгиленет Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.
Президент Алмазбек Атамбаевдин 11-ноябрдагы жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалган. (SDz)