Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Нарын: жолчулар жаңы жетекчини кабыл албай коюшту


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Нарын облусундагы жол тейлөө ишканаларынын 50дөй жумушчусу нааразылык акциясына чогулушту. Алар облустук автоунаа жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Келдибек Кадыркулов соттун чечими менен кайрадан кызматына келип жаткандыгына макул эместигин, аны менен кайра иштеше албастыгын билдиришип, кеңсенин оозун тосуп алышты.

Транспорт министрлигинин өкүлү Кадыркуловду эки ай мурун да жамаатка тааныштыруу үчүн келген. Бирок анда да жолчулар нааразылык билдиришип жаңы жетекчини кабыл албай коюшкан.

Кадыркулов буга чейин Жумгал районундагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунда “талапка жооп бербеген”, “баасы кымбаттатылган” деген айып менен транспорт прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок Кадыркулов бул ишке тиешеси жоктугун сотто далилдеген. (MiK)

XS
SM
MD
LG