Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Кыргыз-өзбек чек арасы эми Кыргызстанда макулдашылат


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Чек ара маселесин талкуулаган сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин дагы эки ирет өтөт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Мурда кабарлангандай, август айынан бери эки тарап чек ара маселеси боюнча беш ирет жолугуп сүйлөшкөн.

Өкмөттөн кабарлашкандай, 8-ноябрдан 13-ноябрга чейин Фергана облусунда эки өлкөнүн ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жүрдү. Сүйлөшүүнү өкмөттөр аралык жумушчу топтор жүргүздү. Анда айрым талаштуу аймактар боюнча эки тараптын сунуштары дал келип, орток пикир табылган.

Кыргыз өкмөтү азырынча талкууланып, бир пикирге келинген аймактар тууралуу ачык маалымат берүүдөн баш тартууда.

Өзбекстандын расмий бийлиги 14 талаштуу тилкенин жетөө боюнча макулдашууга жетишкенин маалымдады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда талаштуу тилкелердин саны элүүдөн ашуун.(ZKo)

XS
SM
MD
LG