16-17-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, аягы карга айланат. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда аба ырайы кескин өзгөрөт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү чогулат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 18-23 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин оорлотуп, кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +5...+10,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10,
Нарын облусунда түнкүсун -5...-10, күндүз +3...+8,
Бишкек шаары боюнча 15-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4 градус, күндүз +8...+10 градус жылуу.