АКШнын жаңы жетекчилиги кандай гана турумду тутунбасын, Евробиримдик Орусияга карата саясатын өзгөртпөсүн биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини билдирди.
"Евробиримдиктин Крымдын аннексиясы жана Украинадагы жагдай боюнча принципиалдуу позициясы бар. Башкалардын саясаты өзгөрүшү мүмкүн болгонуна карабастан биздики өзгөрбөйт”, деди Могерини Брюсселдеги жолугушууда.
13-ноябрда Брюсселде биримдиктеги өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери АКШдагы шайлоо жыйынтыгын талкуулоо үчүн чогулушкан.
АКШ президенттигине шайланган Дональд Трамп үгүт өнөктүгү учурунда орус президенти Владимир Путинди мактап, аны менен дос болуу ниетин билдирген. Эми Москвага карата саясат, атургай экономикалык санкциялар жумшарышы ыктымалдыгы күтүлүүдө.
ЕБ Украинадагы жаңжалга аралашканы, Крымды аннексиялап алганы үчүн Орусияга санкцияларды киргизген.