Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Орус аткаминерлеринин балдарын чет өлкөдө окутпоо сунушталууда


Класста.
Класста.

Орусиялык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана мамкомпаниялардын топ-менеджерлеринин кичинекей балдарын чет өлкөлөрдө окутууга тыюу салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага коммунисттик партиянын (КПРФ) депутаты Валерий Рашкин киргизди.

Демилге колдоо тапса өлкөдө улуттук башкаруу элитасын түзүүгө, кадрлардын сыртка агымын токтотууга, социалдык теңчиликти бекемдеп, башкаруучулар менен элдин ортосунда ажырымды жоюуга өбөлгө болору айтылууда.

Мамлекеттик Дума жаңы мыйзам долбоорун кабыл алса балдардын четте окуусуна тыюу салуу 2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирерин “Медуза” агенттиги жазды.

XS
SM
MD
LG