Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

“Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда конституциялык түзүлүштү кулатып, “Халифат” түзүү ниетин үгүттөгөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ячейкасынын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

-Муну менен катар интернет аркылуу тыюу салынган адабият таркатуучу «Hizb-turkiston.net» медиа-платформасынын ишине тыюу салынды. Мурда козголгон кылмыш иш алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде кармалгандардын жанынан көп санда DVD-дисктер, тыюу салынган уюмдун диний китептер алынган.

Сулайманов жалпы жонунан 12 адам кармалганын кошумчалап, учурда иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады. (SDz)

XS
SM
MD
LG