АКШ президенттигине шайланган Дональд Трамп CBS телеканалына маегинде өлкөсүнүн Мексика менен чегине дубал тургузуу ниетин кайталады. Андан тышкары АКШда кылмыштуу аракеттерге барган үч миллиондой мигрантты чыгарарын билдирди.
Трамптын айтымында, дубал чек арадагы айрым гана жерлерге тургузулат. Калган аймактарга жөн гана тосмолор коюлат.
Үгүт учурунда Трамп АКШдагы айрым мексикалык мигранттарды кылмышкер жана зөөкүр деп атаган. Шайланып калса мыйзамсыз келгендердин баарын кууп чыгып, эки өлкө чек арасына бетон дубал курдурарын айткан.
Трампка каршылар курулуш чыгымы жана аймактын ландшафттык өзгөчөлүктөрүнөн улам долбоор ишке ашпай турганын айтып келишет. Трамптын эсебинде, дубалдын баасы 8 млрд доллардан кымбат болбойт.