Швед прокурору Ингрид Игрун WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды суракка алуу үчүн Британияга келди. Ассанж Швецияда болжолу 2010-жылы болгон зордуктоо жана сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө. Ал 2012-жылдан бери Лондондогу Эквадор элчилигин башпаанектейт.
Ассанж элчиликтен чыгып, Швецияга барса андан ары АКШга экстрадициялап жиберишет деп чочулайт. АКШ Ирак жана Ооганстандагы согуш боюнча 500 миңден ашуун сыр документти жарыялап жибергени үчүн Ассанжды издөөгө алган.
Өткөн айда WikiLeaks АКШдагы Демократтар партиясынын мүчөлөрү менен Хиллари Клинтондун шайлоо штабында иштегендердин миңдеген каттарын ашкерелеген. Анда республикачы талапкер, азыр президенттикке шайланган Дональд Трамп “WikiLeaks'ти жакшы көрөрүн” билдирген.
"Ассанж менен Трамптын көптөгөн тарапкерлери кызматка киришкенден кийин ага мунапыс берүүнү өтүнүп жаңы президентке кайрылышкан" деп кабарлайт Guardian.