Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Санду Молдовадагы шайлоо жыйынтыгын тааныбайт


Майя Санду
Майя Санду

Молдова президенттигине талапкерлердин бири, европачыл Майя Санду шайлоонун расмий жыйынтыгына арызданарын билдирди.

Алдын ала эсепте, 13-ноябрдагы шайлоодо орусиячыл Игорь Додон уткан.

14-ноябрдагы маалымат жыйында Санду шайлоону “эркин жана акыйкат” өткөн жок деди. Ал эми Фейсбукка жазган билдирүүсүндө мыйзам бузуу фактыларын топтоп, Конституциялык сотко жөнөтөрүн белгиледи.

Санду чет өлкөлөрдөгү такай европачылдарды колдоп келген шайлоо тилкелерине бюллетендер жетпей калганына өзгөчө нааразы.

Молдова шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Додон Сандуга караганда 70 миңдей добуш алдыда.

Дүйшөмбүдө Кишиневде жүздөгөн адамдар шайлоо жыйынтыгына каршы демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG